1-июлдан 31-июлга чейин Кыргызстандын миграциялык мыйзам талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өлкөнүн аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги эскертет.
Бул учурда аларга карата айрым административдик жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.
Көрсөтүлгөн мезгил ичинде Кыргызстандан чыгып кетүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз ыктыяры менен кайрылган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар:
Бул үчүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чечим алуу зарыл. Андан соң керектүү документтерди тиркөө менен e-Visa порталы аркылуу чыгуу визасын тариздөө керек.
Бул мүмкүнчүлүктү төмөнкү адамдар пайдалана алышат: