Бишкектеги Медеров менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кеткен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран видео жарыялап, бөлүшкөн.
Анын айтымында, кырсык болгон учурда жол чырак иштебей турган. Буга байланыштуу көпчүлүк айдоочулар жөө жүргүнчүлөргө жол берген эмес. Жабыркаган кызга ошол жердеги адамдар жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.