Улуттук банк социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жеңилдетилген насыя алып берүү сунуштары менен байланышкан алдамчылык аракеттери көбөйгөнүн эскертти.
Маалыматка ылайык, алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү колдонушууда.
Мекеме жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, бейтааныш адамдарга акча которбоого жана маалыматты расмий булактар аркылуу гана текшерүүгө чакырды.
Ошондой эле төмөнкүлөрдү эске салды. Улуттук банк:
Алдамчылардын курмандыгы болуп калган учурда, дароо банктык картаны бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.