Бишкектеги Улуттук госпиталь, Кардиология жана терапия улуттук борбору, Трансплантация жана Фтизиатрия борборлорун борбор калаанын четинде курула турган жаңы медициналык шаарчага көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекемелер көчүрүлгөндөн кийин алардын азыркы имараттары жабылып, жайгашкан жер тилкелери инвесторлорго сунушталат.
Ошол эле учурда министр бул демилгенин качан ишке ашары жана кандай тартипте жүргүзүлөрү азырынча так аныктала электигин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин жаңы медициналык шаарчаны Бишкектеги Кара-Жыгач конушуна жакын аймактагы 106 гектар жерге куруу пландалып жатканы айтылган.