Бүгүн, 1-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева Бишкек шаарынын Ленин районундагы медициналык мекемелердин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу көйгөйлөр талкууланып, медицина кызматкерлеринин сунуш-пикирлери угулду.
Депутат дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын элдин саламаттыгын сактоодогу эмгегин жана жогорку кесипкөйлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Жылдыз Садырбаева бир катар медицина кызматкерлерине Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттарын тапшырып, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишинде ийгиликтерди каалады.