Биз социалдык тармакта

Жээнбек Кулубаев Түркиядагы “Аныткабир” мемориалдык комплексине барды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында Аныткабир мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр заманбап түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүркдүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесине бир мүнөт унчукпай таазим кылды.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырып, Ататүрк жана Көз карандысыздык согушу музейинин экспозициясы менен таанышты. Экспозицияда Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн негизги этаптары жана Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр жолу чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан