Ошто
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул туурасында ИИМдин
Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы
билдирди.
Маалыматка
караганда, кармалган адам 22 жаштагы И.И. аттуу Ош шаарынын тургуну болгон. Ал жаш
экенине карабай 12 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2013-жылдын
13-декабрында “56 жаштагы аялды сабады” деп айыпталып, ага издөө жарыяланган.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары
жүрүп жатат.