Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарында бир турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирип, конок үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматка ылайык, окуя 1-июлда саат 20:50 чамасында Талас көчөсүндө катталган. Жерине Чолпон-Ата шаарындагы №31 өзүнчө куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу тартылып, турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сууну мотопомпанын жардамы менен сордуруп чыгышты.
Мындан тышкары, «Арча Макс» конок үйүнүн аймагын суу каптоодон коргоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Учурда нөшөрдөн улам түзүлгөн кырдаалды ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Мирлан Карабаев жеке көзөмөлүнө алды.