Милиция кызматкерлери Сокулук дарыясында ойноп жаткан жаш өспүрүмдөрдү куткарышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-июлда Сокулук айылында дарыянын ортосунда ойноп жаткан жаш өспүрүмдөр өз алдынча жээкке чыга албай калган. Натыйжада милиция кызматкерлери аларды аман-эсен жээкке алып чыгышып, ата-энелерине өткөрүп беришкен.