Кечээ, 1-июлда эко-активист Андрей Панаев Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан Бишкекке чейинки жөө жүрүш экологиялык акциясын аяктады. Бишкек шаарынын мэриясы аны калаа башчысы Айбек Жунушалиев кабыл алганын билдирди.
Активист 9 күндүн ичинде 388 чакырым жолду жөө басып өттү. Ал сапар бою өзү менен бирге карагайдын көчөтүн ала келген. Көчөт экологиялык таза транспорт менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун аймагына отургузулуп, QR-коду бар тактача орнотулду. Активист медициналык кароодон өткөрүлгөн.