Ысык-Көлдө 1-июндан 1-июлга чейинки аралыкта рейд өтүп, жаратылышты пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жыйынтыгында 78 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 929 миң сомду түзгөн.