Ош шаарынын борбордук аянтын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады.
Аянтта заманбап түнкү жарыктандыруу системи орнотулуп, тесттик режимде пайдаланууга берилди.
"Бул борбордук аянттын көркүн ачып гана тим болбостон, тургундар менен коноктор үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга өбөлгө түзөт",- деп билдирет мэрия.