Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан "Э" жана "Е" тамгалары боюнча жазды.
Анын айтымында, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары чыгарган коомдук талкуу бул – жеке көз караш жана жеке демилге.
"Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат",- деп жазган ал.
Ошондой эле Орунбеков мындай сунуштарды коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин кылдат таразалап чыгуу керектигин эске салды.