Өлкөдө "Бала ырысы" жөлөк пулун алууга акыркы сутка ичинде 13 миң 782 арыз кабыл алынды. Мындай маалымат Эмгек министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.
Арыздардын 12 205и мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта берилисе, ал эми 1577 арыз кагаз жүзүндө тапшырылган. Анын 536сы кабыл алынган жок.
"Буга мамлекеттик маалыматтык системдердеги жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбегени себеп болду",- дешти министрликтен.
Жөлөк пулдун бул түрү өлкөдөгү 3 жашка чейинки балдарга берилет. Анын өлчөмү 1200 сомду түзөт. Жөлөк пулду алуу үчүн арыздар кечээ, 1-июлдан тарта кабыл алына баштады.