
Каракол шаарында мэриянын муктаждыктары үчүн сатып алынган атайын техникалардын бир бөлүгү техникалык талаптарга жооп бербестиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Маалым болгондой, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сом каражатка 31 даана атайын техника сатып алынган. Бирок 5 таштанды ташуучу, 3 өзү түшүрүүчү жүк ташуучу жана 2 жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшү прокуратуранын көзөмөлүндө.