Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум жабык режимде өтүп, андан соң тыныгуу жарыяланды. Саат 14:00дө улантылат.
Сот процессинин биринчи жарымында сот залынан чыгып жатып, айыпталуучу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов тергөө ишине карата сын пикирин билдирди. Ал иш боюнча далилдер жетишсиз экенин белгилеп, тергөөнүн корутундулары далил катары көрсөтүлгөнүн айтты.
Жактоочу соттук териштирүүнүн жыйынтыгына ишеним артып, акыркы чечимди күтүү керектигин белгиледи.
"Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы үчүн мен уялып турам. Эч кандай далил жок. Далил деп айтууга татыктуу нерсе да жок. Өздөрүнүн жыйынтыктарын эле далил катары көрсөтүп жатышат. Таянууга эч нерсе жок. Бул күлкүлүү болуп жатат. Чечимди күтөлү, эмне деп чыгарарын көрөлү. Азыр бир нерсе десең эле “сотко басым көрсөтүү” деп айтыла баштайт. Негизи баары акталышы керек",- деди Айткулов.
Түштөн кийин сот отурумунда айыпталуучулардын жарыш сөзү болору күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча 8 адам айыпталууда. Сот отуруму 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.