Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн күндүз жана жакынкы үч саат аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
ӨКМ тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого, шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.