Биз социалдык тармакта

Ташиев баш болгон саясатчылардын соттук отуруму уланууда

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин" иши боюнча соттук отурум башталды.

Айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушевдер келишти. Ал эми камактагы Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов алынып келди.

Айта кетсек, аталган иш боюнча бүгүн, 2-июлда соттук жараян башталган. Саат 12:00дө тыныгууга чыгышкан.

Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча 8 адам айыпталууда. Сот отуруму 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.

"75чилердин каты". Талгарбеков, Узакбаевдер сотко алынып келишти
"75чилердин каты". Сот отуруму
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан