Аргентина улуттук курамасы Майамиге келгенден кийин аэропортто кылдат текшерүүдөн өттү.Оюнчулардын баштыктарындагы бардык буюмдар текшерилип, уюлдук телефондору убактылуу алынып, атүгүл бут кийимдери да көзөмөлдөн өткөрүлдү. Команданын капитаны Лионель Месси да жалпы текшерүүдөн өтүп, мындай катуу коопсуздук чарасына таң калып күлүп жиберди.
Футболчулар мейманканага жеткен учурда эшикте караңгы кирип калгандыгын чет элдик спорт басылмалары билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин мындай текшерүүгө Борбордук Азиядан барган Өзбекстан курама командасы жана синегалдыктар кабылган.