Ош облусунун аймагында 1,6 килограмм баңгизат табылып, шектүүлөр кармалышты.
Облустук милицияга М., аттуу жаран баңгизат менен алектенип жүрөт деген маалымат түшкөн. Анын негизинде шектүү М., Кара-Суу районунун аймагынан 44,36 граммды түзгөн кара-күрөң түстөгү зат менен кармалган.
Ал жаран Аравандын тургуну С., аттуу жарандан сатып алгандыгы боюнча көрсөтмө берген. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө өзүнүн айдоо жеринде бекитип койгон 3 даана таңгак, өзгөчө жыты бар кара кочкул түстөгү зат табылып алынган.
Экспертизанын корутундусунун негизинде 1 килограмм 611 граммды түзгөн гашиш баңги каражаты деп аныкталып чыккан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандар 2 айга тергөө абагына камалышты.