Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Шымкентте рекорд жаңылады (видео)

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Казакстандын Шымкент шаарында өткөн "25-Косанов" эл аралык турниринде алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Ал 1500 метр аралыкка чуркоодо 3 мүнөт 43,5 секунд жыйынтык көрсөтүп, мелдештин жаңы рекордун жаңылап, биринчи болуп марага келди. Бул көрсөтүлгөн аралыкка 14 жөө күлүк катышып, алардын төртөө кыргызстандыктар болду.

Ал эми жалпы мелдешке ар кайсы өлкөдөн барган 250дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Шымкентте рекорд жаңылады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан