Ош шаарынын Фрунзе кичирайонунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн тосуп, тротуарын бузуп салган курулуш компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, мэрия тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, “Ак Кайың” курулуш компаниясына айып пул салынды. Ошондой эле укуктук баа берүү үчүн материалдар шаардык прокуратурага жана УКМКнын башкармалыгына жиберилгендиги кошумчаланды.