
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды өздөрүнө белгилүү болгон бардык коррупциялык фактылар тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырды.
Министрлик коррупцияга каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууну улантарын белгиледи. Ошондой эле ички көзөмөлдү күчөтүүнү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштер аткарыларын билдирди.
Мекеме жарандардын активдүү жарандык позициясы коррупцияга каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.