
Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан "75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү соңуна чыгып, сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Бул тууралуу Ташиевдин жактоочусу
Икрамидин Айткулов билдирип, айыпталып жаткандар акталарына ишеним артып жатканын билдирди.
Буга чейин сотто тараптардын жарыш сөзү угулуп, айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышкан. Соттун өкүмү кеңешүүчү бөлмөдөн чыккандан кийин жарыяланары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча 8 адам айыпталууда. Сот отуруму 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.