Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин" иши боюнча соттук отурум болууда. Учурда сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетти.
Аайыпталуучу Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакыпова журналисттердин суроолоруна жооп берип, иш боюнча жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө токтолду.
Анын айтымында, соттук териштирүүдө жаңы жагдайлар аныкталган эмес.
"Ал жерде үч киши чай ичип отуруп, кандайдыр бир ушак жөнүндө сүйлөшүптүр. Ошол үчөө жашыруун күбө экен. Жашыруун угуулар же аңдуулар болгонбу деп ойлогом. Андай эмес. Үчөө жөн гана сүйлөшүп отурган. Фото, видео далил жок",- деди жактоочу.
Эскерте кетсек, “75чилердин каты” боюнча 8 адам айыпталууда. Сот отуруму 22-июндан тарта кайра жабык өтө баштады. УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылууда. Үчөө тең эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен тергөө абагында кармалууда.