Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Индонезия кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Бүгүн, 2-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Анис Маттаны кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саясий диалогду чыңдоо, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык аянтчалардагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстан Индонезияны Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү өнөктөш катары баалай турганын белгилеп, соода-экономика, инвестиция, туризм, маданий-гуманитардык кызматташтык жана халал индустриясы боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Өз кезегинде Анис Матта Индонезия Кыргызстан менен мазмундуу диалогду улантууга, экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, ишкер чөйрөлөрдүн кызматташтыгын кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тарап достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана эки өлкөнүн кызматташтыгына системалуу мүнөз берүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан