Биз социалдык тармакта

Ош шаарында дагы 10 жаңы сквер курулат

Ош шаарында шаар күнүнө карата дагы 10 жаңы сквер пайдаланууга берилет.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы эс алуу жайлары мурда көңүл бурулбай келген, эски көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы аймактарга курулат. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы скверлер жайгаша турган жерлерди жеринен көрүп чыкты.

Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, жаңы скверлер 5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилери айтылды. Долбоордун алкагында балдар аянтчалары, отургучтар, жарыктандыруу системалары жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты - шаар тургундары үчүн коопсуз, жайлуу жана жашыл эс алуу жайларын көбөйтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан