Биз социалдык тармакта

Баткенде эл аралык достук фестивалы өтүүдө

Лейлек районуна караштуу Катраң айылында «Маданият достукка чакырат» аттуу эл аралык достук фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк кабарлады.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын маданият өкүлдөрү катышууда.
Иш-чара маданият ишмери Асанбай Мансуровдун жана өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын демилгеси менен уюштурулган.
Фестивалга Баткен облусунун башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Өзбекстандын Фергана облусунун хокиминин орун басары Хуршеджон Ахмедов, ошондой эле Кытайдан келген өкүлдөр катышты.
Иш-чарада Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Аваз Акимов, Айдана Дека, Азиз Батыров, ошондой эле Өзбекстандын белгилүү ырчысы Хамдам Собиров, Кытай Эл Республикасынын таланты Самат Ранин баштаган таланттуу өнөрпоздор көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан