Чүй облустук Жол милициясынын кызматкерлери наристеге жардам көрсөтүштү. Окуя 2-июлда саат 20:00 чамасында Беш-Күнгөй айылында катталган.
Анда жаран жол тескөөчүлөргө кайрылып, наристеси дем ала албай жатканын билдирип жардам сураган.
Кызматкерлер дароо наристени ата-энеси менен бирге Бишкек шаарынын 3-балдар үйүнө жеткирип, биринчи жардам көрсөтүшкөн.