
Лейлек районундагы Раззаков шаарынын тургуну жайыт жерин мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тургун короо куруу максатында 600 чарчы метр жайыт жердин кыртышын бузган. Аталган мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан тышкары, келтирилген зыян үчүн 84 миң 200 сом өлчөмүндө доо эсептелип, өндүрүү чаралары көрүлүүдө.