
Бишкекте
Гүлназ Шаршенек кызы 29-июндан бери дайынсыз болуп, изделүүдө.
Ал Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 165 сантиметр, салмагы – 60–65 килограмм. Эпилепсия оорусу бар.
Кийген кийими: Күрөң түстөгү халат жана шым, агыш түстөгү, кыргыз орнаменттери бар жилет.
Жогорудагы жаран тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү байланыш номери аркылуу кабарласа болот:
0703 699 055,
0 224 214 346.