Португалиянын улуттук курама командасынын капитаны жана чабуулчусу Криштиану Роналду футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалында Хорватияны 2:1 эсебинде жеңгенден кийин маркум Диогу Жотаны эскерди.
Оюн аяктагандан кийин Роналду Португалия курамасынын мурунку чаабуулчусу жана жарым коргоочусу Диогу Жота кийип жүргөн 21-номурдагы футболканы кийип чыгып, анын элесине урмат көрсөттү.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында Диогу жана анын иниси Андре Силва Испаниянын түндүк-батышындагы жол кырсыгынан каза болушкан. Алар бара жаткан унаа жолдон чыгып кетип, өрттөнүп кеткен.
Белгилей кетсек, эми Португалия 1/8 финалда Испания менен күч сынашат. Беттеш 6-июлда АКШнын Даллас шаарында өтөт.