Синоптиктер билдиргендей, эртең, 4-июлда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Аймактарда абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14... +19, күндүз +32... +37;
- Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +22... +27;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10... +15, күндүз +24... +29;
- Нарын аймагында түнкүсүн +7... +12, күндүз +25... +30;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз +19... +24,
- Бишкек шаарында түнкүсүн +15... +17, күндүз +25... +27 градус.