Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарында жер көчкүнүн алдын алуу максатында атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМден маалымдашкандай, мындай ыкма Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жатат. Учурда атайын инженердик долбоор даярдалып, анын негизинде практикалык иштер башталган.