Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Бишкек ШИИББинин Милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун түзүлгөндүгүнүн 47 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анын алкагында 200дөн ашуун жаш милиция кызматкери ант берип, коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрсөтмө машыгуулар уюштурулду. Иш-чара полктун өздүк курамынын салтанаттуу саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.