№8 абакка караштуу №4 кесиптик-техникалык окуу жайда 5 ай окуган соттуулугу бар 61 жаранга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 26 адам тигүүчү жана 35 адам официант-бариста адистиктерин бүтүрүшкөн. Мындай кадам соттолгондорду коомго кайра ийгиликтүү адаптациялоого жана келечекте эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары калыптандырууга багытталган.