Нарын районунун Учкун айылындагы таза суу системасынын курулушунда техникалык регламенттер жана курулуш ченемдери сакталбаганы аныкталды. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «Профит Экспресс» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары компанияга аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш компанияларын мыйзамдарды жана техникалык талаптарды так сактоого чакырды.