Бишкек шаарын жашылдандыруу максатында 18 суу кудугунун долбоордук документтери иштелип чыкты. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер «Жашыл алкак. Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, суу кудуктары жашыл аймактарды үзгүлтүксүз сугарууга шарт түзөт. Долбоор борборлоштурулган суу түтүктөрүнө болгон жүктү азайтып, көчөттөрдү туруктуу суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун негизги максаты – борбор калаадагы жашыл аянттарды көбөйтүү, экологиялык абалды жана абанын сапатын жакшыртуу, ошондой эле чаң менен ыштын деңгээлин төмөндөтүү.