Президент Садыр Жапаров Санарип кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Мыйзамда каралган нерселер:
- Улуттук коопсуздук органдарына маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алууну жүргүзүү боюнча милдеттерди бекитүү;
- Улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары тарабынан телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу менен байланышкан иликтөө иштерин техникалык жактан жүзөгө ашырууну киргизүү;
- Өзгөчө абал режими киргизилген шартта же массалык башаламандыктар, куралдуу чыр-чатактар мезгилинде конкреттүү мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүнү убактылуу токтотуунун жана кайра улантуунун өзгөчө тартибин киргизүү;
Айта кетсек, мыйзам 4-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.