
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунда унаалар үчүн каттам кайрадан ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, атайын техникалардын жардамы менен жолдун сел каптаган тилкелери тазаланган. Учурда аталган тилкеде унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерин сел каптап, жол убактылуу жабылган.