Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн Көл-Кашка жайлоосунда сел жүрүп, жер көчкү болду

Ысык-Көлдүн Көл-Кашка жайлоосунда сел жүрүп, жер көчкү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 3-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Чоң-Ак-Суу дарыясын капчыгайдын жээк бөлүгү жуулуп кеткен. Ошондой эле пайда болгон сел агымы дарыянын нугун жарым-жартылай бөгөп, болжол менен 1–1,5 метр тереңдиктеги убактылуу көлмө пайда кылган. Учурда бул көлмөдөгү суу табигый нук менен агып чыгып жатат, кескин түрдө жырып кетүү коркунучу байкалган жок.
Мындан тышкары Чоң-Ак-Суу дарыясынын Ак-Сай тилкесинде дарыянын нугу сол жээкке жылган. Учурда дарыя сол жээкти жана ага чектеш тоо капталын интенсивдүү түрдө жууп жаткандыктан, эрозиялык процесстер уланууда. Окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлүп, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Ысык-Көлдүн Көл-Кашка жайлоосунда сел жүрүп, жер көчкү болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан