Биз социалдык тармакта

Путин менен Трамп Ирандын айланасындагы кырдаалды талкуулашты

Орусия жана АКШнын президенти Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон сүйлөшүүдө Ирандын айланасындагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

"Владимир Путин АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна негизделген сүйлөшүү процесси негизги жөнгө салуу маселелери боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнөрүн билдирди", - деген Ушаков журналисттерге.

Ал белгилегендей, орус лидери Жакынкы Чыгыштагы турукташтырууга салым кошууга даяр экенин ырастаган. Трамп өз кезегинде орус тарапка тең салмактуу позициясы жана конструктивдүү сунуштары үчүн ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан