Биз социалдык тармакта

Кыргызстандыктардын орточо жашоо узактыгын 75 жашка жеткирүү пландалууда

2030-жылга чейин Кыргызстанды жарандардын өмүр сүрүү узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошуу милдети коюлган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин медицина кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

"Адам өмүрү жана ал өмүрдө оору-сыркоодон алыс болуп бактылуу жашоо үчүн күрөшкө чыгып, күндүр-түндүр күзөттө турган мээримдүү сиздердей адистер аркылуу наристелердин күлкүсү жаңырып, үй-бүлөнүн амандыгы, коомдун бакубат жашоосу камсыз болууда", - деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы тараткан куттуктоодо.

Белгилей кетсек, азыр өлкөдө орточо жашоо узактыгы 72 жаш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан