Жалал-Абаддын Чаткал районунда 36 жаран, анын жетөө орусиялык жана бирөө казакстандык, куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алар Чакмак-Суу айылында Кара-Токой суусундагы көпүрөнүн түркүгүн суун алып кетип, жайлоого баруучу жол убактылуу жабылгандыктан калып калышкан. Андыктан куткаруучулар асма көпүрө аркылуу аларды коопсуз аймакка өткөрүшкөн. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.