Кыргызстандык параспортчу Адина Самыйбек кызы Чехиядагы Дүйнөлүк гран-при турниринде күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, 27-июндан 4-июлга чейин Прага шаарында кыз-келиндер арасында жеңил атлетика боюнча турнир болгон. Эл аралык мелдешке дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышкан. Адина Самыйбек кызы ядро түртүү боюнча мелдеште 19 метр 14 сантиметр жыйынтык көрсөтүп, экинчи орунду багындырган.