Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Норвегия тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты

Норвегиянын улуттук курама командасы тарыхында алгачкы жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына жолдомо алды.

1/8 финалда норвегиялыктар күчтүү делген Бразилия курама командасын 2:1 эсебинде жеңишти. Беттеште Эрлинг Холанд эки гол киргизип, командасынын жеңишине чоң салым кошту.

Буга чейин Норвегия Дүйнө чемпиондугунун тарыхында эч качан чейрек финалга чыккан эмес. Алар катышкан мурунку үч мелдеште эки жолу 1/8 финалда мелдештен четтеп, бир жолу тайпалык баскычтан өтө алышкан эмес.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Норвегия Мексика менен Англиянын беттешинде жеңген командага каршы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан