Биз социалдык тармакта

Неймар Бразилиянын курама командасындагы карьерасын жыйынтыктап жатканын кыйытты

"Сантос" клубунун чабуулчусу Неймар Бразилиянын улуттук курама командасындагы карьерасын аяктап жатканын кыйытты.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Норвегияга каршы оюндан кийин бразилиялык чабуулчу эмоционалдуу билдирүү жасады. Беттеште Бразилия 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Неймар оюнга экинчи таймда алмашууга чыгып, калыстын кошумчалаган убактысында 11 метрлик айып соккусун так аткарды.

"Мен болгон күчүмдү жумшадым, кайра-кайра аракет кылдым. Эми баары бүттү. Мен ушул жерден баштагам, эми ушул жерден жыйынтыктап жатам", - деди Неймар.

Бул жеңилүүдөн кийин Бразилия быйылкы Дүйнө чемпиондугу менен кош айтышты.

Неймар Бразилиянын улуттук курама командасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп саналат. Ал 2010-жылдан бери курама менен 130 беттеш өткөрүп, 80 гол жаратып, дагы 59 жолу жыйынтыктуу топ чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан