Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашууда болгон жер көчкү боюнча маалыматты тастыктады.
Берилген маалымат боюнча, окуя кечээ, 5-июлда болжол менен саат 16:00дө Бишкек–Ош унаа жолунун 121–122-чакырымдар аралыгында болгон. Анда жолго таш кулап, жолдун бир тарабы убактылуу жабылгандыгы кабарланды.
"Саат 18:00гө карата министрликке караштуу жол тейлөө кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, жолго түшкөн таштар толугу менен чыгарылды. Жабыркагандар болгон жок. 2 сааттан кийин унаа кыймылы үчүн жол толук ачылып, каттам кадимки режимде жүргүзүлө баштады. Жолдун бир тилкеси ачык болгон", - деп белгиледи министрликтин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жердеги көчкүнүн видеосу тараган.