Мексиканын борбору Мехикодогу "Ацтека" стадионунда 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык беттеши өттү. Анда Англиянын курама командасы Мексиканы 3:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.
Англиянын курамындагы жарым коргоочу Жуд Беллингем эки гол киргизди. Чабуулчу Харри Кейн 11 метрлик айып соккусун ийгиликтүү аткарып, бир гол жана бир жыйынтыктуу пас менен айырмаланды.
Ал эми Мексиканын курамында Хулиан Киньонес менен Рауль Хименес гол киргизишти. Хименес өз голун пенальтиден жаратты.
Белгилей кетсек, эми Англия Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Норвегия курама командасы менен күч сынашат.