Биз социалдык тармакта

Дем алыш күндөрү өлкөдө 2 жолу жер титирөө катталды

Дем алыш күндөрү өлкө аймагында 2 жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, алгачкы жердин силкинүүсү 4-июлда саат 05:40та катталып, күчү 4,5 баллды түзгөн. Жер титирөө Казакстандын Моюнкум кумдуу аймагында, Тараз шаарынан түндүк-чыгышка карай 60 чакырым, Талас шаарынан түндүк-батышка карай 90 чакырым аралыкта катталган.

Бул жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.

Ал эми экинчи жер титирөө 5-июлда саат 06:50дө катталып, Пригородный айылынан түштүк-чыгышка карай 8 чакырым, Токмок шаарынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка карай 80 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү калктуу конуштарда, Пригородный, Карагүл жана Чоң-Жар айылдарында – болжол менен 3 балл, Кемин жана Орловка шаарларында – 2,5 баллга чейин сезилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан